2022-04-08


MasterСhef 2021 кулинардык конкурстун жеңүүчүсү Эрен Кашыкчы менен онлайн жолугушу өттү 06/04/2022


6-апрель 2022 ж. Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн ага окутуучусу, э.и.к. Гульмира Саматова тарабынан уюштурулган онлайн семинарга  MasterСhef 2021 кулинардык конкурстун жеңүүчүсү Эрен Кашыкчы чакырылды. Жолугушууга катышкан факультетибиздин деканы проф.док. Ясин Бойлу агайыбыз акыркы жылдарда ресторан сектору анын ичинде ашчылык кесиптин абдан маанилүү жана тез өнүгүп жаткан тармактардын бири экенин белгилеп, студенттер менен маектешүүгө жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө катышкан Эрен мырзага  ыраазычылыгын билдирди. Жолугушу суроо-жооп форматта өткөрүлдү.